8-сентябрда Марокконун түштүгүндө болгон жер титирөөдө тоодо жайгашкан 6 миңден ашык чакан айылдар жабыркаган. Ал жакта үйлөрдүн жанына тургундар үчүн чатырлар курулуп жатат. Өкмөт бузулган үйлөрдү калыбына келтирүү же бузуу маселесин чечиши керек. Бул үчүн экспертизалык иштерди жүргүзүү пландалууда.
Бийликтин алдын ала маалыматы боюнча, 20 миңден ашуун үй жарым-жартылай ураган. Бул сандар акыркы эмес. Жабыркаган аймактарда куткаруу иштери уланууда.
Жум Сен 15 , 2023
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги министрлер кабинетинин жетекчилиги астында 16-сентябрда Улуттук тазалык күнүнө арналган масштабдуу экологиялык акция өткөрөт. Ведомстводон билдиришкендей, иш-чара президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 6-сентябрында кол койгон “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулууда. […]