Афганистандын түндүк-чыгышында, Пакистандын бир катар шаарларында жер титирөөдөн 11 адам көз жумду.
Табигый кырсыктарды башкаруу министрлиги Афганистандын түндүк-чыгышындагы Лагман аймагында 2 адам көз жумуп, 8 киши жарадар экенин, 20 үй кыйраганын кабарлады.
Пакистандын Хайбер-Пахтунхва аймагында үйлөр жана башка имараттар урап, 9 адам көз жумганын, 44 киши жараат алганын Пакистандын табигый кырсыктарды башкаруу агенттиги билдирди.
21-мартта Афганистанда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу менен чектешкен Ишкашим шаарынан 50 чакырымдай алыстыкта күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Силкинүүлөр Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда сезилди.