Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Сейсмология институтуна Жусуп Абдрахманов көчөсүндөгү №148чи имаратты текшерүү тапшырмасын берди.
“Бул имарат жер титирөөгө туруштук бере албайт. Биринчиден, мунун фундаменти жок. Мен бул имаратты 40 жылдан бери билем. Ичине кирсеңер коркунучтуу. Алгачкы жер титирөөдө ушул имарат көчүп түшөт”,-деп билдирди. Шаар башчысы протоколдук тапшырма берип, Сейсмология институту өзүнүн корутундусун чыгаруусун талап кылды.