Эми жер басып алгандарга катуу чаралар көрүлмөк болду. Бүгүн 1-май райондук администрациясында “Бишкек башкы архитектура”, “Кадастр” шаардык мэриянын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы, РИИБ жана айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү катышкан жыйын болуп өттү. Жыйында мыйзамсыз жер басып алгандарды, Бишкектин аймагында жер участокторун берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жарандарды аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралды.