Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер көчкү коркунучу бар аймактарда мониторинг жүргүзөт. Жер коркунучу бар аймак катары Ош-Жалал-Абад облустары, Алай, Өзгөн жана Сузак райондору эсептелет. Кыргызстанда 4 миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймактарда жашайт. Бирок, аларга аймактан кетүү зарылдыгы айтылган. Кооптуу аймактарда жашаган жарандарга мамлекет кенемте төлөп да берген.
Жалал-Абад облусу боюнча жер көчкү коркунучу бар 541 тилке айыл-кыштактарга жакын жайгашкан.