Жердин табигый рекорддору

Автор

Жердин табигый эң бийиктери, узун-кыскасы, ысык-суугу, тайыз-тереңи, өөдө-ылдый рекорд сырлары дагы эле чечиле элек.
1. Жердин эң бийик тоосу Эверест. Анын бийиктиги 8128 метр. Бийик тоо жылына 4 мм өсүп турат. Тоонун башы, чоку бөлүгү тик, аска-зоокалуу, ага чыгуу өтө кыйын. Чокуга биринчи жолу Гиальцен Норг баштаган Жапан экспедициясы 1956-жылы чыккан.
2. Жер жүзүндөгү эң бийик шаркыратма Венесуэладагы (Түш.Америка) Чурун дарыясындагы – Анхель шаркыратмасы (бийиктиги 1054 м). Шаркыратмадан секунддасына 300 куб метр суу чачырап турат. Бул шаркыратма дагы өзүнүн кооздугу менен ааламага атагы чыккан.
3. Ааламдын эң ысык жери Ливиядагы Алб-Азиза аймагы. Ал жерде температуранын ысыктыгы 57,8 градустан ашкан.
4. Жер жүзүндөгү эң суук жерин окмуштуулар Антарктидадагы Купол Фудзи (Dome Fuji) тоолорунда болгондугун билдиришти. Андагы 4 миң метр бийиктиктеги Фудзи тоосунда -91°C градуста суук аба ырайы катталган. -91°C градустагы абанын суугу бир канча мүнөттө адамдын көз, мурундарын жана өпкөсүн да тоңдура алат.
5. Дүйнөдөгү эң чоң океан – Тынч океан. Ал батыштан Евразия жана Австралия материктери, чыгышынан Түндүк жана Түштүк Америка, түштүгүнөн Антрактида менен чектешип турат. Аянты деңиздер менен алганда 178,67 миң километрге жетет. Ошентип, планетыбыздын бетинин үчтөн бир бөлүгүн түзөт.
6. Ал эми ааламдагы эң узун дарыя Амазонка. Анын туурасы 100 метрге чеийн жетип,узундугу 7 000 километрге чейин жетет.
7. Эң терең байыркы үңкүр Австриядагы – Лампрехтсофен үңкүрү. Анын тереңдиги 1 632 метр.
8. Дүйнөдөгү эң коркунучтуу катуу бороон 300 миң кишинин жанын алган. Бул апаат 1976-жылы Бангладеште болгон.
9. Жердин эң жогорку атмосфералык басымы 1979-жылы – 1084 миллибар Орусияда катталган.
10. Ал эми жердин эң төмөнкү атмосфералык басымы – 870 миллибар,1979-жылы болгон.
11. Жер жүзүндөгү эң катуу шамал Антарктидагы – топтошкон буйткасы . Бул жердеги шамалдын ылдамдыгы саатына 322 километрге чейин жетет. Ал эми эң ылдам куюн саатына 512 километр АКШнын Оклахома штатында 3-май 1999-жылы катталган.
12. Эң көп кар 1972-жылы Вашингтон шаарына – 31 102 мм жааган.
13. Жер жүзүндөгү эң оор мөндүр – 1 килограмм салмагында 1986-жылы 14-апрелде Бангладеште катталган.
14. Жердин эң ири көлү катарында Каспий деңизи саналат. Анын аянты 372 000 чарчы чакырымды түзөт.
15. Эң чоң арал – Гренландия аралы. Анын аянты 2 131 600 чарчы чакырымды түзөт.
16. Дүйнөдөгү эң ири зилзала 1906-жылы Колумбияда болгон. Ал Рихтер шкалы боюнча 8,9 баллды түзгөн.
17. Жердин эң терең суу айлампасы Тынч океандагы Маринск куймасы – ал 11 033 метрди түзөт.
18. Жердин эң чоң чөлү – Сахар чөлү. Анын аянты 9 000 000 чарчы чакырымды түзөт.
19. Эң бийик мөңгү Антарктидадагы Ламберт-Фишера мөңгүсү. Анын узундугу 515 километрди түзөт.
20. Эң көп жаан жааган жер АКШнын Гавайдагы Вайялеале тоосу. Ал жерде 350 күн боюу тынымсыз жамгыр жаайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Эми студенттер Англияга жумушка барса болот

Англиянын HOPS Labor Solutions Ltd компаниясы менен Талас мамлекеттик университети, Ош технологиялык университети жана Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору атайын келишимге кол коюшту. Эми аталган университеттердин студенттери акы төлөнүүчү сезондук айыл чарба жумуштарына барса болот. “Студенттер 2025-жылга карата пилоттук долбоордун алкагында жайкы […]

Сизге жагышы мүмкүн