Жердин озон катмары акырындап калыбына келе баштаганын Дүйнөлүк метеорологиялык уюм билдирди. Ал 1970-жылы түгөнө баштаган. 15 жылдан кийин анда чоң тешик табылган. Натыйжада 46 өлкө атмосферага зыяндуу химиялык заттардын жалпы чыгарылышын кыскартууга милдеттеништи.
Эксперттердин айтымында, биздин планетанын көпчүлүк бөлүгүндө озон катмары 2040-жылы өзүнүн баштапкы абалына келет.
БУУнун эксперттери озон катмарын калыбына келтирүү глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн таасирин азайта аларын белгилешет.
Башкы прокурор Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат сурады
Шар Дек 27 , 2023