30-ноябрда жана 1-декабрда Жерде күндүн жарыгынан келип чыккан күчтүү магниттик бороондор болушу мүмкүн. Бул тууралуу Россия илимдер академиясынын космостук аба ырайын болжолдоо борборунун кызматкери Мария Абунина билдирди. Бороондун күчү G3 (катуу) же атүгүл G4 (өтө катуу) деңгээлге чейин жетет деп болжолдонууда.
Магниттик бороондордун күчүн аныктоо үчүн G индекси колдонулат. Анын беш даражасы бар. G1 – жер бетинде дээрлик байкалбаган майда бороон, ал эми G5 – Жердеги космостук спутниктердин жана приборлордун иштешинде олуттуу көйгөйлөрдү жаратуучу өтө күчтүүсү