Жергиликтүү шайлоо. «Социал — демократ» партиясынын каттоосу жокко чыгарылды

Автор

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары болууга ат салышып жаткан «Социал — демократ» партиясын жарыштан четтетүү чечимин кабыл алды.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократ» партиясынын маселесин карады. Партияны шайлоодон четтетүү сунушуна комиссиянын сегиз мүчөсү тең макул болушту.
Аталган партия боюнча мындай чечим кабыл алууга добуш сатып алуу боюнча козголгон кылмыш иши себепчи болгон. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Б. Конуровдун айтымында бул партияга буга чейин да эскертүүлөр берилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Иранда хиджабдан баш тарткан аялдар “дарыланат"

Иран бийлиги Тегеранда хиджаб кийүү мыйзамын бузган аялдарды дарылоого арналган клиника ачуу пландары жөнүндө билдирди. Бул тууралуу Iran International телеканалы маалымдады. Клиникага баруу ыктыярдуу болору айтылды. “Бул борбор хиджабды чечүү көйгөйүн илимий жана психологиялык дарылоого багытталат”,-деп билдирди адеп-ахлактык жана бузукулуктун алдын алуу боюнча аялдар жана үй-бүлө иштер департаментинин башчысы Мехри […]

Сизге жагышы мүмкүн