Түркиядагы жергиликтүү шайлоолордо оппозиция алдыга чыкты. Жалпы 81 шаардын 49да мындан ары оппозиция башкарат.
Алардын ичинен Республикалык калк партиясы (CHP) 35 шаарга ээлик кылды. 1 шаар “Жакшы”(İyi) партияга, 10 шаар Улуттардын теңдештиги жана Демократия партиясына, 2 шаар “Жаңы Эркиндик (Yeni Refah) партиясына жана 1 шаар Биримдик (BBP) партиясына бөлүндү. Ал эми Адилеттүүлүк жана Өнүгүү партиясы 24, Улуттук аракет партиясы 8 шаарга араң жетишти. Эксперттер белгилегендей, мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу бийлик көзөмөлүндөгү шаарларды оппозицияга уттуруп койду.
Стамбул, Анкара, Адана, Анталия, Амася, Болу, Бурса, Эдирне сыяктуу чоң шаарларда оппозиция озду. Жер титирөөгө кабылган 6 шаар бийликти колдосо, 4 шаар оппозицияга добушун берди.