Жергиликтүү шайлоого 9050 адам аралыктан добуш беришет

Автор

17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге аралыктан добуш берүүгө Кыргызстан боюнча жалпысынан 9050 арыз түшкөн. Бул тууралуу КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аралыктан добуш берүүгө түшкөн арыздардын 72 пайызы 18-35теги жаштардан түшкөн. Кесиби боюнча алар студенттер, маморгандардын кызматкерлери, аскер кызматкерлери, вахталык жумушта иштеген адамдар болгон.
Арыздардын көбү — 2134ү Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик улуттук университетиндеги пунктка түшкөн. Кийинки арыз көп түшкөн шаар Каракол болгон, мында «Кумтөрдө» иштеген кызматкерлерден көп арыз түшкөнү белгилүү болду.
Боршайком аралыктан добуш берүүгө арыз жазган шайлоочуларды төмөнкү даректердеги шайлоо участоктору күтө тургандыгын эске салат:
• Бишкек ш., Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу (М.Фрунзе көч., 547);
• Бишкек ш., Октябрь райадмин. имараты (Байтик Баатыр көч., 17);
• Бишкек ш., К.Баялинов атындагы китепкана (А.Огонбаев көч., 242);
• Бишкек ш., А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры (Ю.Абдрахманов көч., 167);
• Ош ш., А.Навои атындагы орто мектеп (А.Масалиев көч., 37);
• Жалал-Абад ш., Б.Осмонов атындагы мамуниверситет (Т.Байзаков көч., 25);
• Каракол ш., К.Тыныстанов атындагы мамуниверситет (К.Тыныстанов көч, 26);
• Нарын ш., КР Президентинин Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты(В.Ленин көч., 76);
• Баткен ш., Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеп (Ж.Момунов көч, 16);
• Талас ш., А.Токтогулов атындагы облустук китепкана (Ч.Айтматов көч., 353).
Бардык суроолор боюнча бул телефонго чалып суроого болот:+996 550 350 650
же түз байланыштын кыска номери – 1255.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишимбаевдин абактан качканы төгүнгө чыкты

Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев жарандык жубайы Салтанат Нукенованы кыйноо иши боюнча 24 жыл эркинен ажыратылган, азыр дагы жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу Tengrinews Казакстандын Ички иштер министрлигинин Жазаларды аткаруу комитетине шилтеме берип маалымдады. «Социалдык тармактарда соттолгон Куандык Бишимбаевдин качканы тууралуу жалган маалыматтар таралууда. Бул маалыматтар чындыкка дал […]

Сизге жагышы мүмкүн