Жергиликтүү сотторго бир катар судьялары дайындалды (тизме)

Автор

Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине айрым жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 8 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Ал эми 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, анын материалдары Кеңешке кайтарылды.

Президенттин 8 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө Жарлыктары чыкты, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Баткен облусу
Баткен облустук соту
Апышев Алмазбек Апышевич;

– Ош облусу:
Ош облустук соту
Джаналиева Миргуль Джаныкеевна;
Кара-Суу райондук соту
Кемелова Жылдыз Дуйшенбековна;

– Чүй облусу
Чүй облустук соту:
Абдиева Тынара Курмантаевна;
Абдырашитов Тилек Арстанбекович.

– Ысык-Көл облусу:
Ысык-Көл облустук соту
Кокшенова Сымбат Темирбековна
Ысык-Көл облусунун административдик соту
Абдыкадырова Зарина Омаровна;

– Бишкек шаары
Ленин райондук соту
Аттокуров Жолдошбек Абдрахманович.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте алыш белбоо күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте алыш белбоо күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, биринчилик 10-12-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат. Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат: […]

Сизге жагышы мүмкүн