Жергиликтүү кеңештерди шайлоого ЖМКларды аккредитациялоо башталды

Автор

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоого жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоого арыздарды кабыл алууну баштады.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 20-бѳлүгүнѳ ылайык, шайлоону өткөрүүдө эфир убактысына жана басма аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалымат тиешелүү телерадиоберүү уюму, редакция тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланууга жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгѳ тийиш.
БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы 2024-жылдын 6-сентябрында жарыяланганын эскертет. Ушул жарлыкта ал расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кире тургандыгы белгиленген. Ошол эле учурда шайлоо аракеттеринин башталышы 2024-жылдын 17-сентябры болуп саналат. Ушуга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларды аккредитациялоо 17-сентябрдан башталат, документтерди берүүнүн акыркы күнү – 2024-жылдын 27-сентябры.
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгѳ катышуу каалоосун билдирген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар 2024-жылдын 27-сентябрын кошуп алганга чейин белгиленген мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгѳ катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүү, анда лидердин аты-жөнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын же интернет-басылманын координаттарын жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү зарыл;
жалпыга маалымдоо каражаттарынын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же жеке ишкердин салык органдарында каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн (патенттин) көчүрмөсү (интернет басылмалары үчүн);
маалымат жана массалык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсүн;
уставдын көчүрмөсүн (бар болсо);
эфир убактысын, басма аянтын же интернет-басылмага жарыялоо укугун бергендиги үчүн төлөмдүн өлчөмү жана тѳлѳмдүн башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалымат.
Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылма ошондой эле арызда камтылган жогоруда көрсөтүлгөн документтерди электрондук түрдө КР БШКнын маалыматтык камсыздоо секторуна pr.shailoo@gmail.com электрондук почтасына жөнөтөт.

Бул шайлоолордун өзгөчөлүгүн эске алганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды маалымдоодо жана үгүт иштерин жүргүзүүдө аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана катышуусу ѳтѳ маанилүү.

КР БШК аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык ѳнѳктүккѳ жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгү тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр.

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкерлер катталгандан кийин, тагыраагы 18-октябрынан тартып башталат.

Айылдык кеңештерди шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкерлер катталгандан кийин 2024-жылдын 28-октябрында башталат.

Бөлүшүү:
Next Post

«Кадастр» мекемесинин мурдагы башчысы пара берип жатканда кармалды

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдииршти. Маалыматка ылайык, ал жетекчи болуп турганда өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызыкдар адамдар менен тил табышып, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Ачы массивинин (мурда Шарк) башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизгендиги жана социалдык […]

Сизге жагышы мүмкүн