Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Үгүт жүргүзүүнүн мөөнөтү аныкталды

Автор

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүнүн мөөнөтүн аныкталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардык кеңештер үчүн өнөктүк 18-октябрдан, айылдык кеңештерде 28-октябрдан башталат. Үгүт компаниясы 16-ноябрда эртең мененки саат 8де токтотулушу керек.
Шайлоонун жыйынтыгы 8-декабрга чейин жарыяланат.
Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 17-ноябрга белгиленген. Добуш берүү Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле республиканын бардык аймактарында өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп Зеленский менен дагы бир жолугушарын билдирди

АКШнын президенттигине талапкер, республикачыл Дональд Трамп Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушкандан кийин, Украинага барып, аны менен дагы бир жолу жолугушушу мүмкүн экенин билдирди. Жолугушууда Дональд Трамп менен Владимир Зеленский Украинадагы конфликтти жөнгө салууну талкуулашты. Дональд Трамп менен Владимир Зеленский 27-сентябрда, Нью-Йоркто жолугушту. Сүйлөшүү 40 мүнөттөй созулду. Жолугушуунун жыйынтыгында алар […]

Сизге жагышы мүмкүн