Жергиликтүү кеңештерге шайлоо тынч, одоно мыйзам бузууларсыз өттү

Автор

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор тынч, одоно мыйзам бузууларсыз өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Шайлоого байланыштуу Ички иштер министрлиги коопсуздукту камсыз кылууга, укук тартибин сактоого багытталган бардык чараларды көрдү.
Республиканын бардык аймактарындагы 2 443 шайлоо тилкелеринде 15 миң кызматкер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн ушул учурда дагы улантышууда.
Ички иштер министринин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын жана башкармалыктарынын жетекчилери жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу жана жер-жерлердеги аймактык бөлүмдөрдүн ишин координациялоону камсыз кылуу максатында региондордо иш алып барышууда.
«Жергиликтүү кеңештерине шайлоо одоно бузулбастан өттү. Ички иштер органдары мамлекеттик органдар жана Борбордук шайлоо комиссиясы менен тыгыз иштешүүдө.
17-ноябрда саат 08:00дөн баштап саат 20:00гө чейин жалпы республика боюнча шайлоо мыйзам бузууларына байланыштуу 69 факт маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Жалпысынан республиканын аймагында коомдук-саясий абал туруктуу. Шайлоо тынч жана одоно укук бузуулары жок өттү», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Балдардын өлүмү менен коштолгон өрт: Полиция кылмыш ишин козгоду

Астананын Өзгөчө кырдаалдар департаменти жеке турак жайдагы өрт боюнча балдардын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин козгогонун мекеменин басма сөз кызматы билдирди. “Жеке эки кабаттуу турак үйдөгү өрт боюнча, өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулушу балдардын өлүмүнө алып келди. Текшерүү бүткөндөн кийин иликтөөнүн жыйынтыктары белгилүү болот,”-деп айтылат билдирүүдө. 17-ноябрда эртең менен Астанада жеке турак […]

Сизге жагышы мүмкүн