Эртең, 17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, шайлоону утурлай укук тартибин камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыкты. Анда мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, шайлоо участкаларын кайтаруу, шайлоо бюллетендерин ташып жеткирүү боюнча иштерди уюштуруу каралган.
Ошондой эле жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.
Шайлоо күндөрү коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоо жана тартип бузуулардын алдын алуу максатында республиканын бардык региондорунда милиция кызматкерлери тартылат. Алар ар бир шайлоо участогуна бекитилип берилген.
Белгилей кетсек, эртең, 16-ноябрда саат 08:00дөн баштап шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу күчүнө кирет. “Жымжырттык күнү” добуш берүү башталганга чейин 24 саатка созулат.
Ички иштер министрлиги тартип бузуулар, шайлоо мыйзамдарын бузуулар аныкталса, бардык фактылар катталып, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертет.