Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. Бүгүндөн тарта үгүт өнөктүгү башталды

Автор

Бүгүн, 17-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, талапкерлер өз аймактарында шайлоочулар менен жолугуп, интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн программасы менен тааныштыра алышат.
264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Шайлоого 39 партия катышууда. Шайлоого 4928 талапкер катталып, анын ичинен 3183ү эркек, 1745и аялдар.
Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 5, же андан көп пайызын алган партиялар шаардык кеңештерден депутаттык мандат алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Лионель Месси быйылкы "Алтын топ" сыйлыгынын ээсин атады

Аргентина курама командасынын капитаны жана «Интер Майами» клубунун чабуулчусу Лионель Месси “Алтын топ” сыйлыгынын ээсин атады. Футбол жылдызынын айтымында, анын мекендеши, италиялык “Интердин” чабуулчусу Лаутаро Мартинес сыйлыкка татыктуу. Ал France Football ардактуу сыйлыгына 30 талапкердин арасында болгон. “Ал кызыктуу жылды өткөрдү. Ал Америка финалында гол киргизип, эң мыкты бомбардир болду. […]

Сизге жагышы мүмкүн