Бүгүн, 16-ноябрда саат 08:00дөн баштап шайлоо алдындагы үгүт иштерине тыюу салынат. Борбордук шайлоо комиссиясы “Жымжырттык” күнү деп аталган бул мөөнөт добуш берүү башталганга чейин 24 саатка созулат жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамында каралгандыгын эскертет.
Мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү бардык талапкерлерди жана алардын тизмелерин каттоо аяктаган күндөн тартып башталып, добуш берүү күнүнө бир күн калганда аяктайт.
“Жымжырттык” күнүнүн негизги максаты – шайлоочуларга тышкы таасирсиз өз тандоолорун бейкапар карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп саналат.
“Жымжырттык” күнүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт. Бул саясий партияларга жана талапкерлерге, алардын өкүлдөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет-басылмаларга жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларына тиешелүү.
Ошол эле учурда “жымжырттык” күн шайлоо комиссияларынын маалыматтык иштеринежайылтылбайт. Алар алдыдагы шайлоолор тууралуу маалымат таратууну улантып, шайлоо мыйзамдарын жана добуш берүүнүн жол-жоболорун түшүндүрүп, жарандарды добуш берүүгѳ үндөй беришет.