Жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкерлерди каттоо 18-октябрда аяктайт

Автор

Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана аларды каттоо мөөнөттөрү белгилүү болду. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү 7-октябрда, ал эми талапкерлердин тизмесин каттоо 18-октябрда аяктайт.
Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 17-октябрында саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт, ал эми талапкерлерди каттоо 28-октябрда жыйынтыкталат.
Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-ноябрга дайындалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош шаарында мыйзамсыз берилген жер мамлекетке кайтарылды

Коргоо министрлигине караштуу Ош шаарындагы жалпы 0,35 га жер тилкеси Ош шаардык мэриясы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен административдик доо келтирилип, сот органдары доону толугу менен канааттандырып, […]

Сизге жагышы мүмкүн