Жергиликтүү кеңештерге шайлоого канча акча кетээри айтылды

Автор

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 17-ноябрга дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн сметасын бекитти. Бул тууралуу БШКнын сайтында жазылууда.
Маалыматка ылайык, 495 718,4 миң сом суммасындагы чыгымдардын сметасында мамлекеттик бюджеттен каржылануучу иш-чаралар камтылган.
«201 880,6 миң сом – шайлоону уюштурууга: маалымдоого, комиссияларды окутууга, байланышты камсыз кылууга, маалыматтык материалдарды басып чыгарууга, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таркатмаларды аймактарга жеткирүүгѳ ж.б. борборлоштурулган чыгашалар болсо, 293 837,8 миң сому 56 аймактык шайлоо комиссияларынын жана 2439 участкалык шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылууга кетет», — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле, шайлоону камсыз кылуу үчүн 56 аймактык шайлоо комиссияларына – 674 адам, 2439 участкалык комиссияларга – 30715 адам, АЭУ операторлору – 1031 адам, техникалык колдоо топторунун адистери – 600 адам, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн ИИМден — 4490 адам тартылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ирандын президенти БУУнун трибунасынан Израилдин зомбулугун токтотууга чакырды

Иран президенти Масуд Пезешкиан БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөп жатып, эл аралык коомчулукту зомбулукту, Газа тилкесинде ок атышууну, Израилдин Ливандагы зомбулугун токтотууга чакырды. Анын айтымында, өткөн жылы дүйнө Израилдин Газадагы “ырайымсыздыктарынын” күбөсү болду. “Он бир айдын ичинде Израил 41 миңден ашык күнөөсүз адамдарды – негизинен аялдар менен балдарды кандуу өлтүрдү. […]

Сизге жагышы мүмкүн