Жергиликтүү бийликке эскертүү берди

Автор

“Мындан ары шаарды карашыбыз керек. Көпчүлүк жери таштанды, арыктар тазаланган эмес, жашылдандыруу боюнча иш алып барылбаган”,- деди УКМК төрагасы Баткен облусунда эл менен болгон жолугушууда.
Ал жергиликтүү бийликке катуу эскертүү берди. “Шаарда баратсаң, арыктар таштандыга толуп турат. Аны тазалап коюшка акча керек эмес, (виждан) намыс, ариет керек. Мамлекети үчүн берилгендик менен кызмат кылыш керек”,- деди.
Камчыбек Ташиев туура эмес менчиктештиргендер боюнча чара көрүлөөрүн билдирип, “бирөөлөр 2 сотых жерге жетпей жүрсө, бирөөлөр 4 гектар жерди ээлеп алышкан. Ал кантип болсун? Биз ал жерлерди мамлекетке алабыз”,- деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин Улуттук гвардия киргизилди

Казакстандын Улуттук гвардиясы Талгар шаарынын көчөлөрүн күзөтүп жатат. Октябрь айынын башында шаарда жаңжалдан улам өспүрүм каза болгон. Эми бир нече күндөн кийин анын үй-бүлөсүнө тиешелүү үй өрттөнүп кетти. Улуттук гвардиянын маалыматы боюнча, аскерлердин иши «коопсуздукту камсыз кылууга жана коомдук тартипти сактоого багытталган». 16 жаштагы өспүрүм 4-октябрга караган түнү бычактан жаракат […]

Сизге жагышы мүмкүн