Жерге кыска убакытта экинчи “Ай” көрүнөт

Автор

Ушул күздө Жердин айланасында убактылуу экинчи «Ай» пайда болот. Изилдөөгө ылайык, автобустун өлчөмүндөгү астероид Жердин гравитациялык тартылышын басып алып, 29-сентябрдан 25-ноябрга чейин планетабыздын айланасында айланып, «кичине-ай» болуп калат. Андан кийин ал кайра «өз үйүнө» – Күндүн айланасында айланып жүргөн астероиддердин тобуна кайтып келет.
«Бул астероид Арджуна тобуна таандык, Жердикине окшош орбиталарда кыймылдаган космостук объектилердин тобуна кирет»,-деп билдирди Мадрид Комплутенс университетинин профессору жана изилдөөнүн башкы автору Карлос де ла Фуэнте Маркос.
Анын айтымында, Арджуна тобунун айрым астероиддери Жерге 4,5 миллион чакырым аралыкка чейин жакындашы мүмкүн. Саатына болжол менен 3540 чакырым ылдамдыкта Жердин гравитациясы алардын кыймылына олуттуу таасир этет. Бул астероиддин убактылуу Жердин орбитасында калып, планетанын спутнигине айланышына алып келиши ыктымал.
Бирок «мини-спутникти» байкоо мүмкүнчүлүгү профессионалдык телескоптордун ээлеринде гана болот. Ашыкча кичинекей жана күңүрт болгондуктан, астероидди кадимки телескоптор же дүрбүлөр менен көрүү мүмкүн эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Медеткан Шеримкуловдун мыйзамсыз менчиктештирилген мектепке тийешеси барбы? УКМКнын жообу

Жогорку Кеңештин экс-спикери Медеткан Шеримкуловдун Жыламыш айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген мектеп имаратынын ээси эмесмин деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ЖМКлардагы билдирүүсүн колдо болгон документтер жокко чыгарууда. Тактап айтканда, 1998-жылдын 14-декабрында № 1141 жерди пайдалануу укугуна карата мамлекеттик актыларды эсепке алуу китебинде […]

Сизге жагышы мүмкүн