Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «КР аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” жана “КР укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоору полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан. Мындан тышкары полимерден жасалган бир жолу колдонулуучу таңгак пакеттерин импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салууга багытталган чектөөчү чараларды киргизүү каралууда. Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.