Желим баштыктарга тыюу салынды

Автор

Биосфералык жана өзгөчө корголгон аймакта желим баштыктарды өндүрүүгө, колдонууга тыюу салынды. Ага ылайык бир жолу колдонуучу идиш-аякты, баштык, азык-түлүк сала турган желим идиштерди чыгарууга болбойт.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагына полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынды.
Бул чечим, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 10-августундагы “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө” жана “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен, тарыхый-маданий мурас объектилерин жана аларды сактоо зоналарын коргоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Музей комплекстин аймагындагы буга чейин пластик бөтөлкөлөрдө суусундук, полимер пленкасынан жасалган пакеттерде чипсы, кириешки, күнкарама саткан түйүндөр жабылды. Ал эми күндүн ысыгына ылайык жаңы шарттарды уюштуруу маселеси жайкы сезонго чейин чечилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: "Аллах насип кылбаган нерсени кыялдантпайт"

Бул ирет Азирети Усмандын насааттарын сунуштайбыз: 1. Дүйнө үчүн кайгыруу – жүрөккө караңгы, акырет үчүн кайгыруу – жүрөккө нур. 2. Заманды салыштырбаган тагдырларды тааный албайт жана келечек күндөрдүн эмне убада кылганын да биле албайт. 3. Эң чоң жоготуу – акырет сапары үчүн азык камдалбаган узун өмүр. 4. Бүткүл иштер Аллахтын […]

Сизге жагышы мүмкүн