Жаңы футбол стадионунда отургучтар орнотулууда

Автор

Бишкектин четиндеги Орок айылында жайгашкан жаңы футбол стадионунун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Андагы видеодо жаңы стадиондо көрүүчүлөр отура турган орундуктар даярдалып жатканын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-августунда Орок айылында жаңы стадиондун курулушуна капсула салган.
Долбоорго ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрге жетет. Анда ачык жана жабык VIP-орундар, комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган. Ошондой эле долбоордо 1,5 миң унаа жана 100 автобус токтотуучу жай бар. Мындан тышкары бир катар соода жайлары, эс алуу зоналары болот.
Стадион курууга 20,78 гектар жер бөлүп берилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 16-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 50 тыйын болсо, сатуу 84 сом 90 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 54 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн