Жаңы туунун сүрөтү түшүрүлгөн паспорттор качан берилери айтылды

Автор

Өзгөртүлүп кабыл алынган туунун сүрөтү түшүрүлгөн улуттук паспорттор май айында даяр болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Ошол эле учурда 2017-жылы иштелип чыккан ID-карта, 2020-жылы иштелип чыккан жалпы жарандык паспорттор мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болуп эсептелет.
Ал эми акыркы үлгүдөгү паспорттор мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык (мөөнөтү аяктаган учурда, жоготуп алганда же дагы ушул сыяктуу жагдайларда) бериле баштайт. Аны менен катар жаңы паспорт алууну каалагандарга да чек коюлбайт.
Эскете кетсек, мыйзам долбоорду 2023-жылы 20-декабрда парламентте колдоо тапкан. Мыйзамга мамлекет башчысы Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден Түштүк Каролинадагы праймеризде жеңишке жетти

Американын президенти Жо Байден Түштүк Каролинадагы биринчи расмий демократиялык праймеризде жеңишке жетти. Учурдагы америкалык лидер 96 пайыз добуш алганы кабарланды. Байден Түштүк Каролинадагы жеңишин талапкерлигине жол ачууга жардам берген 2020-жылдагы праймериздеги жеңиши менен салыштырды. Жарыштагы калган эки демократтар, Миннесота штатынын өкүлдөрү Дин Филлипс жана жазуучу Марианна Уильямсондун ар бири 2 […]

Сизге жагышы мүмкүн