Жаңы мэр «Тазалыктын» техникаларынын кышка даярдык иштери менен таанышты

Автор

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникаларынын кышка карата даярдык иштери менен таанышты.

Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, мэр ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, базалардын биринде техника, ошондой эле туз жана башка инерттүү материалдар сакталаган кампаларды көрүп чыкты.

Таанышуунун жыйынтыгы боюнча калаа башчысы кыш мезгилин штаттык режимде өткөрүү үчүн 2023-жылдын 15-ноябрына чейин бардык атайын техникаларды даярдоо тапшырмасын берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Украинадагы президенттик шайлоонун датасы белгиленди

Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко Владимир Зеленский Украинадагы президенттик шайлоонун датасын бекиткенин жарыялады. Анын айтымында, саясий өнөктүк 2024-жылы өтөт. Эл өкүлү Espreso телеканалына берген маегинде “Маалыматым боюнча, Владимир Зеленский келерки жылы президенттик шайлоону өткөрүүнү чечкен. Ал президенттик аппаратка 2024-жылдын 31-мартында өткөрүлүшү пландалган шайлоого даярдык көрүүнү тапшырган”,-деди Гончаренко. Украинадагы президенттик шайлоонун […]

Сизге жагышы мүмкүн