Депутат Равшан Рысбаев коллегаларынын соккусуна чыдап, үн катпай келет. “Эл үчүн” фракциясынын депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Талант Мамытов жана Дастан Жумабековдор экс-депутат Өмүрбек Бакиров мандатынан мыйзамсыз кол жууду деп айтып келишүүдө. Буга жаңы депутаттын “Эл үчүн” фракциясына эмес “Ата Журт Кыргызстан” фракциясына мүчө болгону себеп болду деген пикирлер бар. Кантсе да, мыйзамды шылтоолоп, коллегасына тымызын асылган депутаттарга маани бербеген Равшан Рышбаев эр экен дешүүдө.