2-сентябрда жаңы депутаттар Жогорку Кеңеште ант беришти.
Алар:
– Айжигит Тыналиев (Ысык-Көл шайлоо округу №36);
– Бакытбек Марипов (Ноокат шайлоо округу №5);
– Аккулу Бердиев (”Бүтүн Кыргызстан” фракциясы);
– Арсланбек Эгембердиев (“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы);
– Эрнис Айдаралиев (“Ыйман Нуру” фракциясы).
Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевдин айтымында, Свердлов району боюнча №29 шайлоо округунан депутат болуп шайланган Жумабек Салымбеков ден соолугуна байланыштуу жыйынга келе алган жок.