Жаңы аэропорттун курулушуна жер берилди

Автор

Багыш айыл өкмөтүнүн Сафаровка айылынан Жалал-Абаддагы заманбап аэропорттун курулушуна 300 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилди.
Айыл чарба министрлигинин балансында турган бул жерди өнөр жайына трансформация кылуу үчүн документтер топтолуп, корутундулар даярдалып, министрлер кабинетине жөнөтүлгөнүн облустун башчысы билдирди. Белгилүү болгондой, болжолдонгон жер тилкесин Манас Эл аралык аэропортуна өткөзүп берүү боюнча токтом долбоору даярдалып, өкмөттө кол коюуга жөнөтүлгөн.
Москва шаарынан келген адистер жерди текшерип, аныктап беришкен. Облус бийлиги 2024-жылдын 1-кварталында жаңы аэропорттун курулушун баштоону пландап жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Эл өкүлү Эмил Жусупов эмнени кыйратты?

“Ишеним” партиясынын депутаты Эмил Жусупов 2020-жылдагы парламенттик шайлоого СДПК партиясынан аттануу үчүн Төрөбай Зулпукаровго акча бергени айтылды. Белгилүү журналист Ыдырыс Исаков “Эмил Жусупов депутат болуп эмнени кыйратып жатат? Кесиптештеринен сураштырсам, парламентке 1 айда 2 жолу келет экен. Парламентке келбесең, “пок” жегени депутат болосуңбу? Угуп жүрөбүз, СДПКга кирип, депутат болуш үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн