18-майдагы чет элдик студенттерге кол салуу фактысы боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Свердлов райондук ИИМ бөлүмүнүн башчычы Жеңиш Абитов менен бирге 9 милиция кызматкери кызматынан бошотулушту. Ал эми 10 милиция кызматкери ар кандай тартиптик жоопкерчиликке тартылышты.
Үстүбүздөгү жылдын 27-мартында милиция Кочкор-Атанын бир тургунун зордоо жолу менен кармап жатканда атасына болушкан бала милициянын үстүнө секирген. Аны кошо кармап, сабашканы айтылган. Мындан улам Жениш Абитов 1-апрелде кызматынан алынган. Көп өтпөй кайра Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө дайындалган эле.