Жаңжал күчөгөндөн бери Газада 2000 бала көз жумду

Автор

Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал чыккан 7-октябрдан бери Газа тилкесинде  2 миң бала, ал эми Батыш Шериада  27 бала көз жумду.  Бул тууралуу “Save the Children” уюму жазды.
Уюмдун директору Жейсон Ли белгилегендей ок  атышууну токтотуу  макулдашылышы керек. “Биз бардык тараптарды балдардын өмүрүн коргоо үчүн тез арада чараларды көрүүгө, ал эми эл аралык коомчулукту бул аракеттерди колдоого чакырабыз. Балдардын өмүрүн чындап коргоонун бирден-бир жолу бул зордук-зомбулукту токтотуу болуп саналат”,-деди Ли уюмдун сайтында.
Газанын саламаттыкты сактоо инфраструктурасынын бузулушу жана медициналык каражаттардын жетишсиздиги дарыгерлерди наркозсуз операцияларды жасоо  сыяктуу мүмкүн эмес тандоолорду жасоого мажбур кылууда. Анткени Газа чакан, калк жыш жайгашкан аймак.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз спортчулары Бүткүл дүйнөлүк оюндарда 2 коло медаль жеңди

Кыргызстандын грэпплинг боюнча курама командасы Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда 2 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 66 кг чейинки салмакта Сыймык Махмедов жана 100 кг чейинки салмакта Евгений Слесаренко коло медалга ээ болушту. Белгилей кетсек, буга чейин самбо […]

Сизге жагышы мүмкүн