Жаш ыктыярчылар Бишкектеги балдар борборуна белек таратышты

Автор

Өзгөчө балдарды коомго аралаштырууга көмөк берүүчү иш-чаралардын бири Бишкек шаарындагы «Келечек» реаблитациялык балдар борборунда болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз-Россия Славян университетинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, аталган борбордун тарбиялануучуларына Россиядан келген долбоордун ыктыярчылары белек тартуулашып, КРСУнун студенттери концерт жана театрлаштырган оюн-зоок көрсөтүштү.
КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин майыптыгы бар балдардын жашоосун жеңилдетүүгө адистешкен “Келечек” реаблитациялык борборунда 4 жаштан 18 жашка чейинки балдар тарбияланат.
Иш-чараны Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети (КРСУ) Россиянын “Досума белек” ыктыярчы долбоорунун жетекчиси Яна Фадина менен биргеликте уюштурду.
Анын максаты – өзгөчө балдарды эмоционалдык жактан коргоо, аларды коомго аралаштыруу, дискриминацияга жол бербөө, ыктыярчы ишмердигин жайылтуу экенин уюштуруучулар бир ооздон белгилеп өтүштү.
“Мен өзүм майып бала тарбияланган үй-бүлөдө чоңойгом. Өзгөчө балдардын ата-энелери кандай көйгөйлөр менен бет келишээрин жакшы билем. Дал ошондуктан өзүмдүн сиңдимдин жаркын элесине арнап жашоодо өзгөчө балдарга көмөк берүүнү, аларга бакыт, жылмаюу тартуулоону максат кылгам. Көптөгөн өзгөчө балдардын коомчулукка аралашуусуна, социалдашуусуна ыктыярдуу көмөк көрсөтүп келе жатабыз. Мына эми бүгүн биздин топтун кезектеги жолугушуусу “Келечек” борборунун сүйкүмдүү балдары менен болду. Россиядан келген долбоордун командасынын арасынан балдарга өзгөчө Чебурашка аябай жакты”, – деди Яна Фадина иш-чаранын жүрүшүндө.
Фадина жетектеген “Досума белек” долбоору Россиянын президентинин “БИЗ БИРГЕБИЗ” эл аралык сыйлыгынын атайын номинациясынын жеңүүчүсү болуп саналат.
Салтанаттын соңунда балдар жана алардын ата-энелери уюштуруучуларга маданий-көңүл ачуучу программа жана белектер үчүн ыраазычылык билдиришти.


Бөлүшүү:
Next Post

Гутерриш чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташууну жакшы деп баалады. Бул тууралуу ал президент Садыр Жапаровго 2-июлда Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда айтты. Гутерриш белгилегендей, Кыргызстан БУУ иштеген бардык секторлор боюнча активдүү иш алып барууда. “Кыргызстан тынчтыктын символу болсун. Сиз чек ара маселелери же башка болобу, тынчтыкты орнотуу […]

Сизге жагышы мүмкүн