Жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарган аскер 15 жылга эркинен ажырады

Автор

АКШ соту 22 жаштагы Улуттук аба гвардиясынын аскери Жек Тейшейраны Пентагондун жашыруун маалыматтарын Discord платформасы аркылуу ачыкка чыгарганга айыптап, 15 жылга эркинен ажыратты.
Associated Press агенттигинин маалыматына караганда анда америкалык чалгындоо, Украинадагы аскер күчтөрүнүн кыймылы жана Куралдуу күчтөргө жеткирилген каражаттар боюнча маалыматтар жарыяланган.
Жек Тейшейра камакка алынгандан бир жылга жакын убакыт өткөндөн кийин атайын улуттук коопсуздукка тиешелүү маалыматты мыйзамсыз сактап, таратканын мойнуна алган.
Прокуратура аскер кызматкерин 17 жылга эркинен ажыратууну талап кылган. Ал эми коргоочулар Жек Тейшейра маалыматты чет элдик душмандарга берүүнү көздөбөгөнүн, интернеттеги достору менен бөлүшүүнү каалаганын айтышып, 11 жылга кесүүнү өтүнүшкөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Ашууларда абал айтылды

Ашууларда учурда жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатат.Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек — Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунда, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары […]

Сизге жагышы мүмкүн