Жаштар арасында футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндары өтөт

Автор

Үстүбүздөгү жылдын 25-29-сентябрь күндөрү Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо жаштар арасында футбол боюнча 2025-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндары өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жаштар курама командасы Мирлан Эшеновдун жетекчилиги астындагы “I” тайпада жайгашкан Мьянма, Түркмөнстан жана Япония курамалары менен кез келет.
Тандап алуу оюндарына жалпысынан 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышат. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген алты курама жолдомо алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдөгү эң кары адам: Гиннеске жаңы ысым катталды

Гиннесс рекорддор китебинин өкүлдөрү дүйнөдөгү эң улгайган аял, япондордун өкүлү Томико Итоокага барышып, анын статусун тастыктаган расмий сертификатты тапшырышты. Томико 1908-жылдын 23-майында Японияда туулган жана бүгүнкү күндө анын жаш курагы 116 жыл 117 күндү түзөт. Гиннесс рекорддор китебинин сайтынын маалыматы боюнча, сертификат тапшыруу аземи Хёго префектурасындагы Асия шаарындагы карыялар үйүндө […]

Сизге жагышы мүмкүн