Америкалык миллиардер Илон Маск 2025-жылы жасалма интеллект адамдардан акылдуу болорун болжолдоду.
Тесланын жаратуучусу америкалык футуролог Рэймонд Курцвейлдин 2029-жылы жасалма интеллекти адамдын жөндөмдөрү менен салыштырууга болот деген тыянагына жооп берди.
Маск X социалдык тармагындагы баракчасында бул көз карашка макул эместигин билдирди. Жасалма интеллект келерки жылдын башында өнүгүп, беш жылдан кийин же 2029-жылы бүткүл адамзаттан акылдуу болуп каларын болжолдоду.