Жарым жылда УКМК тарабынан 50 млрд сом өндүрүлдү

Автор

УКМКнын 2024-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегия өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын алты айында УКМК тарабынан 70 млрд сомдон ашык каражат аныкталып, анын 50 млрд сому кыска мөөнөт ичинде мамлекеттин казынасына өткөрүлгөн.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкө тынчтыгын камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту орнотуу багытында коюлган тапшырмаларды так аткаруу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, тартип орнотуу, баңгизаттарга, эктремизмге жана террорчулукка каршы күрөшүү чараларын күчөтүү зарылдыгын белгилеп, УКМК кызматкерлерине бир катар багыттар боюнча тийиштүү тапшырмаларды милдеттендирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Чечектин белгилери

Чечек – бул вирус козгогон вирустук оору болуп саналат. Ал денеде Кызыл бүдүрлөрдүн пайда болушу, кычышуу жана жалпы начарлоо менен мүнөздөлөт. Чечек аба аркылуу жугат жана көбүнчө балдарга таасир этет, бирок чоңдор да ооруп калышы мүмкүн. Чечектин көпчүлүк учурлары татаалдашпастан чечилет, бирок кээ бир адамдарда, айрыкча чоңдордо, кош бойлуу аялдарда […]

Сизге жагышы мүмкүн