Жарылган пейжерлерде 20 граммдан жардыргыч заттар болгону айтылды

Автор

Ливандын бир нече райондорунда массалык түрдө жарылган пейжерлерде 20 граммдан ашпаган жардыргыч заттар болгон. Бул тууралуу коопсуздук кызматтарындагы булактарга таянып Al Jazeera телеканалы билдирди. Азыр Ливандын атайын кызматтары бул жардыргыч заттарды кантип ишке киргизгенин аныктоодо.
Жарылган түзүмдөрдүн партиясы Ливанга беш ай мурда киргизилген.
Биринчи жарылуулар 17-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча 15:45те болгон. Алгач ондогон адамдар жабыркаганы кабарланган. Бирок бир сааттын ичинде жаракат алгандардын саны миңден ашкан. Ливандын саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча 11 адам каза болгон. Болжол менен 4 миңдей адам жабыркаган.
«Хезболла» кыймылы эки мүчөсү, анын ичинде Ливандын парламентинин мүчөсүнүн уулу каза болгону кабарланды. Жабыркагандардын арасында Ирандын Ливандагы элчиси Моджтаба Амани да бар экени белгилүү болгон.
«Хезболла» бул окуя үчүн Израилди айыптады.

Бөлүшүү:
Next Post

Төө-Ашууда кар жаады

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусуна кар жаады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, №9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду тазалоо, тайгакка каршы кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Учурда күн ачылууда. Каттам үчүн тоскоолдук жок. Жеринде нөөмөт бар. Алар атайын […]

Сизге жагышы мүмкүн