Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору алмашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта ылайык, Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Настаев Александр Иванович ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Данияр Куватбекович Бостонов Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койгон.