Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы кызматына ушул жылдын май айында шайланган Жамила Жаманбаева өлкөдөгү орчундуу окуяларга ооз ачып, камалгандар боюнча пикирин билдире элек. Мындан улам соцтармактар аркылуу жарандар издөө салды. Ал камакта отурган Кемпир-Абадчылардан кабар алып, алардын үнүн бийликке жеткиралган жок дешүүдө. Жума башында Азимбек Бекназаров менен Равшан Жээнбеков моралдык басым болуп жатканын айтып чыгышкан. Бирок, Акыйкатчы институту бул боюнча үн ката элек.