Жапаров тойлорду баалуулуктары менен өткөрүүгө жана иретке келтирүүгө чакырды

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйынында өкмөттүн аткарып жаткан иштери боюнча маалымат берип, акыркы учурлардагы ыксыз тойлорго токтолду.
“Тамадалар тойлорду ар бир кардардын аң сезимине жана деңгээлине жараша өткөрөт. Тойкананын ичине ат деле, төө деле алып кирип жатышат. Мүмкүнчүлүк болсо, пилди да алып киришмек. Ушул каада салттарды иретеп берсеңиздер, сиздерден өтүнүч”,- деди Акылбек Жапаров маданият кызматкерлеринен. Ал тойлорду өзүнө таандык баалуулуктары менен өткөрүүгө чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Айдоочулары жок поезд 80 чакырымдай жол жүрүп барып токтоду

The Times of India гезити айдоочусу жок поезд Индиянын түндүк союзунун аймагы Джамму жана Кашмирден Индиянын Пенжаб штатына чейин болжол менен 80 чакырым аралыкты басып өткөнүн билдирди. Жекшемби күнү Джамму жана Кашмирдеги Катуа станциясында шагыл жүктөлгөн 53 вагондук поезд өзүнөн-өзү төмөн жылып баштаган. Жүк ташуучу поездди токтотууга болгон биринчи аракеттер […]

Сизге жагышы мүмкүн