Жапаров мыкты студенттерге президенттик стипендия тапшырды

Автор

Президенттик стипендия – бул жөн гана сыйлык эмес, өз тармагында кесипкөй болууга умтулган студенттердин эмгегинин бааланышы. Бул сыйлык студенттердин потенциалын жана талантынын ачылышына түрткү берет. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттерине президенттик стипендияны тапшыруу аземинде билдирди.

Президент белгилегендей, мамлекет студенттердин билимин жогору баалоо менен келечекке салым кошууда. Мамлекет өз өлкөсүнө берилген, тарыхын сыйлаган жана элдин руханий баалуулуктарын аздектеген жаштарды ар дайым колдоого алат.

«Мен билим алууга умтулган, өз пикирин билдире алган жана дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө аракет кылган жаштарга чоң үмүт артам. Сиздердин жогорку окуу жайлардан алган билимиңиздер келечектеги чоң ийгиликтердин эшигин ачууга жардам берет. Ийгиликке жетүүнүн жолу жеңил эмес, ал көп сыноолор жана кыйынчылыктар менен коштолот. Бирок ошол сыноолор сиздерди бекем болууга, акылыңарды өстүрүүгө такшалтат”, — деди Садыр Жапаров.

Бөлүшүү:
Next Post

Неймар карьерасындагы эң мыкты учуру тууралуу айтып берди

Сауд Аравиялык “Аль-Хилал” футбол клубунун жылдыз футболчусу Неймар профессионалдык карьерасындагы эң мыкты баскычы тууралуу айтып берди. Бул тууралуу “Чемпионат” басылмасы жазып чыкты. Неймар «Менин эң жакшы спорттук жылдарым ПСЖда өттү. Бирок өкүнүчтүү болду, анткени мен көбүнчө үч-төрт айга созулган өтө оор жаракаттарды алдым. Бул мени чындап эле тынчсыздандырды. Бирок футболдук […]

Сизге жагышы мүмкүн