Жапаров: Мугалимдер басынып, майда чыгымдарга акча сурабайт деп үмүттөнөм

Автор

Быйыл мектептерди оңдоого өкмөт биринчи жолу 400 миллион сом бөлдү. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу төрт эсе көп экенин өкмөт башчысы Акылбек Жапаров мектеп автобустарын тапшыруу аземинде айтты.
Жапаровдун айтымында, мамлекет мектептик билим берүү системасына каржылоону көбөйтүп жатат. Ал бул каражат жетиштүү болот деп үмүттөнүп, мугалимдерге класстын керектөөлөрү үчүн акча чогултпоо керектигин баса белгиледи.
“Республикадагы мектептердин учурдагы ремонт иштерине биринчи жолу 400 миллион сомго жакын каражат бөлүндү. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу төрт эсе көп. Мугалимдер басынып, майда чыгымдар үчүн акча сурабайт деп үмүттөнөм”,-деди өкмөт башчысы.

Бөлүшүү:
Next Post

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2024: Көк бөрү жана көк пар боюнча кыргыз курамасынын тизмеси

8-13-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көк пар (жер улак) боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан жалпы 24 улакчы өлкө намысын коргойт. Көк пар боюнча улуттук курама командасынын тизмеси: – Жолдошбек Орозбаев; […]

Сизге жагышы мүмкүн