Жапаров менен Эрдоган Астанада жолукту

Автор

Президент Садыр Жапаров 2-ноябрда  Астана шаарына болгон иш сапарынын алкагында Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту.
Өлкө лидерлери соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү:
Next Post

Израиль армиясы Газа курчоого алынганын билдирди

Израил армиясынын басма сөз катчысы Даниел Хагари Газа шаарын курчоого алуу аяктаганын жана ок атышпоо талкууда жок экенин айтты. Анын айтымында, ХАМАСтын штаб-квартирасына, ракета учуруучу жайларына жана объектилерине чабуул жасалып жатат. Ок атышпоо азырынча талкуулана элек.   Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн