Жапаров менен Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Автор

Бүгүн, 24-апрелде, Баку шаарында Кыргызстан менен Азербайжандын президенттери Садыр Жапаров жана Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
“Зугульба” резиденциясында Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн.
Бири-бири менен салам алышкандан кийин мамлекет башчылары Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышып, тизилген катардын алдынан өтүштү.
Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан кийин президенттер расмий делегацияларын тааныштырды.
Андан соң биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар курамдагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Бөлүшүү:
Next Post

Коргоо министринин орун басары камакка алынды

Сот өзгөчө ири өлчөмдө пара алган деп шектелген коргоо министринин орун басары Тимур Ивановду камакка алды. Мындай чечимди Москванын Басман райондук соту чыгарды. Иванов эки айга, 2024-жылдын 23-июнуна чейин камакка алынды. Ал күнөөсүн мойнуна алган жок. Аткаминердин кармалганы 23-апрелде белгилүү болгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал өзгөчө ири сумманы алуу үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн