Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда, Дубай шаарындагы климат боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммиттине катышууда.
Иш-чара БУУнун колдоосу астында өткөрүлүүдө. Бул жылы ага 70 миңден ашуун адам катышып, анын ичинде 140тан ашуун өлкөнүн лидерлери да бар. Саммиттин катышуучулары климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, парник газдарын чыгарууну азайтуу аракеттерин жана башка актуалдуу маселелерди талкуулашат.
Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.
Андан соң Президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментинде улуттук билдирүү жасайт.