Жапаров жумушчу сапары менен Екатеринбургга келди

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 9-июлда жумуш сапары менен Россиянын Екатеринбург шаарына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Екатеринбург шаарында минкаб башчысы Акылбек Жапаров РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен бирге «Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону» темасында ИННОПРОМ-2024 негизги стратегиялык сессиясына жана көргөзмөсүнө катышат.

Андан ары минкаб башчысы Красноярк шаарына барып, соода-экономикалык, илимий-техникалык жаа гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумуна жана Кыргызстан-Россия региондор аралык 11-конференциясына катышаары күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж прокуратурасы Марин Ле Пенге карата тергөө иштерин баштады

Париж прокуратурасы Франциянын парламенттин төмөнкү палатасындагы “Улуттук биримдик” фракциясынын лидери Марин Ле Пенге карата 2022-жылдагы шайлоо өнөктүгүнүн каржылоо эрежелерин бузду деген айыптоолор боюнча тергөө иштерин баштады. “Чечим былтыр апрелде Улуттук шайлоо кампаниялары жана саясий каржылоо эсептери боюнча комиссия жарыялаган баяндамадан кийин кабыл алынган. Ар бир шайлоо учурунда талапкерлерге мыйзамда белгиленген […]

Сизге жагышы мүмкүн