Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын жана Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында аталган облустардын активдери менен жолугушуп, айрым ишканаларды кыдырды.
Ат-Башы районундагы толук реконструкциядан өткөн ГЭСтин ачылышына катышып, ошол эле күнү Балыкчы-Кара-Кече темир жолун жана Орто-Токойго курулуучу ГЭСтин жери менен таанышты. Ошондой эле Тору-Айгырга барып, кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станциясын курууга капсула салды.
“Евразия канаттуулар фабрикасын” куруу долбоору менен таанышып,Тоң районундагы “Метрум-Тек” шамал электр станциясынын курулушун көрдү.