Дубайдагы инвестициялык форумга катышып жаткан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров америкалык финансист, миллиардер Рэймонд Далио менен жолукту.
АКШлык миллиардер Акылбек Жапаровго «Дүйнөлүк тартипти өзгөртүүнүн принциптери» аттуу өзү жазган китебин белек кылды.
Минкаб төрагасы аны Кыргызстанга чакырды.
Атактуу миллиардер 150 миллиард долларлык активдерди башкарган «Bridgewater Associates» компаниясын негиздеген.