Сыртынан СИЗО 1ге камакка алынды делген «АЮ Холдинг» компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов учурда Бириккен Араб Эмираттарында дарыланып жатканы белгилүү болду. Бирок, анын жакшылыгын көрүп, спикерлик кызматка чейин көтөрүлгөн Дастан Жумабеков, Талант Мамытов бир кезде анын колунда иштеп, жан баккан депутат Балбак Түлөбаевдер үн каткан жок. Быйыл “Аю Холдинг” компаниясынын тегерегинде чуу жаралып, коомчулук “кустуризацияга” учурап жатат деген. Бирок, кийин президент бул боюнча кеңири түшүндүрмө берип, Шаршенбек Абдыкеримовдун көп жыл бою салык төлөбөгөнү аныкталган.